Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жети-Ɵгүз районундагы Нарын облусунун профсоюз комитеттеринин төрага-төрайымдарынын тажыйырба алмашуу семинары

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук профсоюз комитетинин «Уюштуруу  иштерин бекемдөө-профсоюздун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көтөрүү» боюнча Тоӊ районунда ѳткѳрүлгѳн  Пленумунун чечиминин негизинде 2019-жылдын 27-сентябрында Жети-Ɵгүз районунда  тажрыйба алмашуу  семинары ѳткѳрүлдү.  Семинарга Нарын областтык профсоюздар  кеңешинин    тѳрагасы  Муканбет Курманкожоев,  Кочкор райондук  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  тѳрагасы  Абайдылда Темиров,  Нарын шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин  тѳрагасы  Токтогон Качкымбаев, Жумгал райондук  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин  тѳрайымы  Бегимкан Жамантаева, Ат-Башы райондук  билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюз комитетинин  тѳрагасы    Келдибек  Керималиев  жана Нарын облусунун  ар бир райондон  жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын профкомдору, ошондой эле Жети-Ɵгүз районунун баштапкы профсоюз комитеттеринин  профкомдору  катышты.

Семинардын  жүрүшүндѳ  Тосор айылындагы «Бугу эне», Барскоон айылындагы «Барскоон», Ак-Терек айылындагы «Алтын уя» бала бакчаларынын жана Тосор, Э.Кендирбаев, Т.Мурзабеков, Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектептеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын номенклатуралык иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, аткарылып жаткан иштер  тааныштырылды.

Семинардын ѳтүлүшүнүн жыйынтыктоо иш чарасы   Барскон айылындагы «Ак-Тулпар»  пансионатында ѳткѳрүлдү.  Жыйынтыктоо иш чарасында Жети-Ɵгүз райондук профсоюз комитетинин тѳрагасы Ɵ.Молдокматов тарабынан  райондук профсоюздук кыймылдын тарыхы жана жалпы профсоюз уюмдары тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча кенен тааныштырып  слайд аркылуу көрсөтүп  берди.   Иш чарага Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүнүн  башчысы Максат Асанкожоев катышып, райондук билим берүү бѳлүмү жана райондук  профсоюз комитети  тарабынан биргелешип аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча  сѳз сүйлѳдү. Семинардын аягында Нарын облусунан келген делегациянын жетекчиси  Нарын областтык профсоюздар  кеңешинин    тѳрагасы  Муканбет Курманкожоев тарабынан Жети-Ɵгүз райондук профсоюз комитети, баштапкы профсоюз уюмдары тарабынан жакшы иштер жщргщзщлщп жаткандыгын белгиледи ошондой эле  семинардын катышуучулары семинардын жүрүшү, ѳткѳрүлүшү жана  алынган  иш тажрыйбалар, келечектеги аткарылуучу иштер боюнча ѳз ойлорун билдиришти. «Ак-Тулпар» пансионатында  иш сапар менен келген  Нарын облусунун  профсоюз лидерлерине  сый тамак уюштурулуп,  тажыйырба алмашуу семинары  жыйынтыкталды.

 

Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүнүн  башкы адиси

Г.Абдыкадырова