Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жети-Ɵгүз райондук профсоюз комитетинин президиуму ѳткѳрүлдү

2021-жылдын 29-апрелинде Жети-Ɵгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин президиуму болуп ѳттү. Президиумга райондук мамлекеттик администрация  башчысы-акимдин орун басары В.Бейшебаева, Жети-Ɵгүз райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы М.Асанкожоев, РБББнын башкы адиси Г.Абдыкадырова жана 53 баштапкы профсоюз уюмдарынын тѳрага, тѳрайымдары катышты.

Президиумунда тѳмѳндѳгүдѳй  маселелер каралды:

1. Д.Иманов, М.Тынаев, Ы.Сооронбаев атындагы орто мектептеринин жана «Керемет», « Алтын уя» МЧББУсунун баштапкы профсоюз уюмдарынын 3 тараптуу келишимдердин ишке ашыруу боюнча аткарып жаткан иштери жѳнүндѳ.

2. С.Мендебаев, А.Алыбаков, Ж.Желденбаев, Т.Дыйканбаев, С.Абдракманов мектептеринин жана «Бал таттуу», «Бѳбѳктай-Бай-Эл», «Нур» мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнѳ мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары.

3. Билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана билим тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Жети-Ɵгүз райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бѳлүмү (иш берүүчү) жана райондук профсоюз комитети тарабынан 2021-2023-жылдарга кабыл алынган Келишим менен тааныштыруу.

4. «Мыкты жамааттык келишим. 3 тараптуу келишим» аталышындагы Республикалык кароо-сынактын Жобосу менен тааныштыруу.

5. Билим берүү кызматкерлерине санатордук-курорттук эс алууга жолдомолордун бѳлүштүрүлүшү боюнча маалымат.

6. Профсоюз кыймылындагы аткарылып жаткан иштер боюнча массалык маалымат каражаттарына маалыматтарды даярдоо.

7. 1-Май эмгек майрамына карата баштапкы профсоюз уюмдарына акча-каражат бѳлүү.

Президиумда каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынды. Баштапкы профсоюз уюмдарынан түшкѳн суроолорго  жооптор берилди.

 

Маалыматты даярдаган: райБББнын башкы адиси Г.Абдыкадырова