Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жети-Өгүз райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети отчеттук-кайра шайлоо конферециясы өткөрүлдү.

Жети-Өгүз райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитети отчеттук-кайра шайлоо конферециясы өткөрүлдү.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук профсоюз комитетинин IX- конференциясы 2020-жылдын апрель айларында өткөрүү пландалган, Дүйнө жүзүндө COVID-19 оорусу жүрүп, Мамлекетибиздеги билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп, окуу жайларыдын баардыгы аралыктан окуп жаткан учурга туш келип, КР билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жагдайды эске алуу менен чыгарган токтомуна ылайык сентябрь айына жылдырылган, райондук конференция Тоң районундагы “Красная Гвоздика” ден соолук чыңдоо борборунда 21-сентябрь 2020-жылы өткөрүлдү.

Конференцияга КР Борбордук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директору, областук билим берүү уюмдарынын координатору Урмамбетов Нурлан Асылбекович, Ысык-Көл облусунун райондук- шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, Жети-Өгүз райондук билим беруу бөлүмүнүн башчысы Асанкожоев Максат Жеңишович , КР эмгек сиңирген мугалими В.Ленин атындагы орто мектебинин директору Усенбаева Озуйпа Бейшеевна, райондук конференциянын 54 делегаты, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери – мектептин, мектептен сырткаркы мекемелердин жана мектепке чейинки мекемелеринин жетекчилери катышышты.

Конференция жумушчу органдары болгон президиуму, катчылыгы, эсептөө, мандаттык, редакциялык комиссиялары шайланылып иш жүргүзүүтү.

Күн тартибиндеги 9 маселе каралып, токтомдор кабыл алынды.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук профсоюз комитетинин 5 жыл аралыгындагы иштерине делегаттар жана жетекчилер тарабынан жогорку баа берилди. Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулович тарабынан 2019-жылы өткөрүлгөн республикалык кароо-сынакта Жети-Өгүз райондук профсоюз комитети “ Жылдын мыкты профсоюздук комитети” наамын жеңип алгандыгын ошондой эле баштапкы профсоюз уюмдарыдын иштери 2019-жылы Ысык-Көл облусунда болгон иш сапарында жеринен таанышканын, баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгын баса белгилеп КР Борбордук профсоюз крмитеттин “Профсоюз кыймылынын Отличниги” төш белги сыйлыгынан бешти жана “Ардак Грамоталардын” үчтү профсоюздун алдыңкыларына тапшырды.

Конференциянын жалпы делегаттары Өмүрбек Кыдырканович Молдокматовду кайрадан Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жети-Өгүз райондук профсоюз комитетинин төрагалыгына бир добуштан шайлап алышты.

Конференцияны уюштуруп өткөрүү жогорку деңгеелде болду. Жалпы конференциянын катышуучуларына сумка, маска, ручка, иш кагаздары ж.б камсыздалды ошондой эле кофе-брейк жана сый тамак уюштурулду.

 

 

 

 

 

   

 

 

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Г. Абдыкадырова