Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жетекчилер китеп окушат

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө жана “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ноокен райондук билим берүү бөлүмү Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкана менен биргеликте "Жетекчилер китеп окушат" деген темада иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын максаты балдарды китеп окууга тартуу, китеп окуу маданиятына тарбиялоо болуп саналат. Ага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары З.Юлдашева, райондун прокурору З.Жумабеков, райБББнүн башчысы Н.Олжобаев, РИИБнүн башчысынын орун басары А.Тагаев, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкулов, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкулов, "Окуу керемет" долбоорунун өкүлдөрү А.Алимбеков, А. Калыбекова, мектеп китепканачылары, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышышты.

Жетекчилер окуучуларга китеп окуп берүү менен бирге окуган чыгармаларынын негизинде балдар менен суроо-жооп иретинде талкуу жүргүзүштү.

Угарман балдар жетекчилердин суроолоруна абдан кызыктуу жана толук кандуу жоопторду беришти. Андан соң окуучулар уккан чыгармалардан "Менин каарманым" деген темада сүрөт тартышты. Чыгармалардан көркөм окууларды айтышты.

Эң мыкты окуучуларга жетекчилер тарабынан баалуу белектер ыйгарылды. Өзгөчө демөөрчүлүк көрсөтүшкөн райондук администрациясынын башчысы-акимдин орун басары З.Юлдашева, райондун прокурору З.Жумабековго, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эшенкулов, райБББнүн башкы эсепчиси З.Осмоновага жана мектеп китепканачыларына өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

 

Мааалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын адиси Г.Андарова