Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жергиликтүү Кеӊештин депутаттарын куттуктады

2021-жылдын 3-июнь күнү Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан Өзгөн районунун билим берүү тармагынан   жергиликтүү Кеӊешке депутат болуп шайланып, мандатка ээ болгон 90 билим берүү кызматкерлерин  куттуктады.  Жергиликтүү Кеӊештин депутаттарын куттуктоо иш-чарасына Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Кенеев, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Муратов жолдоштор катышып, өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айтышты. Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов өз сөзүӊдө жергиликтүү Кеӊештин депутаты болуп шайланышы жана айылдын социалдык-экономикалык жактан өсүшүнө, анын ичинде билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө депутаттардын өз салымын кошот деген ишеничин билдирди. Ошондой эле мугалимдерге мыйзам чегинде гарантияланган жеӊилдиктердин көрсөтүлүп келе жаткандыгына токтолуп, жаӊы шайланган депуттар тарабынан жогорудагы айтылган жеӊилдиктер жана колдоолор көрсөтүлө берээрине ишеничи чоӊ экендигин айтты. Жаӊы шайланган жергиликтүү Кеӊештин депутаттары П.Курманбаева, А.Каримова, Б.Каратаев, П.Эргешова жолдоштор чыгып сүйлөп, колдоого ала турган мыкты  демилге көтөрүп иш-чараны уюштурган райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине өздөрүнүн  ыраазычылыктарын билдиришти. 

600

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети