Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн түзүлгөн атайын фонддго ОшМУнун жамааты бир күндүк айлык акысын которду

    Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты Ош облусунда жер титирөөдөн жапа чеккен жергиликтүү калкка бир күндүк эмгек акысын которду, бул тууралуу чечим  окуу жайдын административдик кеңешмесинде кабыл алынды.

     Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү саат 23:30 чамасында болгон жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында көптөгөн үйлөр жараксыз абалга келген. 21-ноябрь күнү жабыркаган  Аматов Кармышактын үй-бүлөсүнөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков кабар алып, акчалай жардам, тамак-аш азыктарын жеткирди. Ошондой эле университетте атайын жумушчу топ түзүлүп  23-ноябрь күнү кошумча тамак-аш азыктарын, жылуу кийим-кечелерди  жеткирип беришти.

         Жыйында бул тууралуу маалыматтар берилип, мындай суук түшүп, кыш ызгаары жакындап турган чакта оор кырдаалга кабылга  н үй-бүлөлөргө ар тараптуу жардам берүү ар бирибиздин адамдык парзыбыз экендиги белгиленди.

         Учурда бир күндүк акча каражаты бөлүнүп, ал сумма жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн түзүлгөн атайын фонддго которулду.