Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жеңиш күнү – жаш муундардын жүрөгүндө

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Давлетов атындагы №4 мектепке чейинки билим берүү уюмунда 9-май – Жеңиш күнүнө карата наристелерди Мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатында кече уюштурулду. Бул кечеде жаш муундарга мекен, согуш, тынчтык деген сөздөргө түшүндүрмөлөр берилип, наристелерди аткаруусундагы ыр бийлер менен коштолду. Мындай тарбиялык маанидеги кечелер жаш муундарга эли жерин сүйүүгө, патриоттуулукка үндөйт деп ишенебиз. Эч качан наристелерибиз согуш дегенди билишпесин, жергебизде дайым тынчтык болсун деп, элибизге жаркын келечек каалап кетмекчибиз.


Маалыматты даярдаган: Т.Абишова