Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жеңүүчүлөргө жолдомолор

Областтык «Жылдын мектеби - 2021»  сынагында  1-орунду  камсыз  кылган  №35 С.Карыев  атындагы  орто  мектебинин эмгек  жамаатына  (директор Пазылов Э) 34200 (отуз төрт миң эки жүз)  сомдук  Бозтеридеги «Ысык-Көл»  эс  алуу  жайына,  областтык  «Жылдын  мыкты  бала  бакчасы – 2021» сынагында  «Гран - при» сыйлыгын  жеңип  алган  Гүлчө  айылындагы  №1  балдар бакчасынын  эмгек  жамаатына (директор Рахманбердиева Г.)  30600 (отуз миң алты жүз) сомдук  Чолпон – Атадагы «Ала-Тоо» эс алуу  жайына  жолдомолор  тапшырылды.

Жолдомолорду социалдык өнөктөштүктүн алкагында Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев жана райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыровдор тапшырышты.

Учурда 6 мугалим, 6 тарбиячы  жогорудагы    аталган  эс  алуу  жайларында  ден  соолуктарын   чыңдап  эс  алышууда.

Жеңүүчүлөргө карата  көрүлгөн мындай  камкордук  үчүн  билим,  илим кызматкенрлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетине  жана  анын  төрагасы А.Т.Токтогуловго,  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  областтык  профсоюз  комитетине  жана  анын  төрагасы  С.А.Тойгонбаевге  өзгөчө  ыраазычылык  билдиребиз.

Маалыматты даярдаган:

Мусаев М. – райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Абдыкадыров А.- Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы

Пазылов Э. - №35 С.Карыев атындагы орто мектебинин директору

Рахманбердиева Г.-  №1 балдар бакчасынын директору