Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ОБЛУСТУК СПАРТАКИАДАДА

    Баткен облусунунда  мугалимдердин спартакиадасы болуп өттү. Спартакиадага райондук, шаардык спартакаиаданын жеңүүчүлөрү келип  катышып, волейбол, шахмат боюнча мелдешти.

    Облустук спартакиадага Баткен районунан волейбол боюнча 2 команда, М.Салихов атындагы орто мектебинин эжекейлер командасы, Ж.Байжигитов атындагы орто мектептин агайлар командасы,   шахмат боюнча  2 оюнчу, Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин мугалими Р.Умаров, Ж.Момунов атындагы орто мектебинин мугалими Ж.Жакыповалар катышышты. Жыйынтыгында волейбол боюнча кыздар командасы II орунду камсыз кылган. Ал эми шахмат боюнча Ж.Жакыпова I орунду ээлеп, облустук спартакиаданын чемпиону болууга жетишти.

   Областтык комитет спартакиаданы уюштуруп,  жеңүүчүлөрдүн сыйлыктарын каржылоону  колго алса, райондук комитет спортчу мугалимдердин түшкү тамак менен камсыз кылышты.

   Женүүчү деп табылган  командалар спартакиаданын республикалык туруна жолдомо алышты.

  Иш чара жогорку деңгээлде өтүп, жалпы катышуучулар областтык комитетке жана райондук комитетке ыраазычылыктарын билдиришти.

        

 

РПКнын жетектөөчү адиси                                        Б.Абдыразакова