Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаз жарыш

Аксы районундагы Кызыл Капчыгай айылында Жибек мектепке чейинки билим берүү борборунун кесиптик бирлик мүчөлөрү ишембилик өткөрүштү. Бала бакчанын айланасын тазалап, көчөттөрдү отургузуп, бак дарактарды акташты. Балдар ойноочу аянтчага ,түрдүү жаныбарлардын сөлөкөтүн чагылдырган жыгач оюнчуктарды орнотушту. Айлана жаз жыттанып, жашыл чөптөр кооздук берип турат. Жаз жарыш дегендей баары иш менен алек.

Аксы районундагы Н.Мамбетов мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрү, Республикалык ишембиликке активдүү катышышты. Аталган мектептин кесип бирлик мүчөлөрү, мектептин айланасын тазалап, арыктарды казышты. Бул мектепте бак өстүрүү чарбасы колго алынган. Жаз алды менен бакка кайнолу, алма көчөттөрү отургузулду. Айдоо жерге арпа айдалды,түшүмү малга тоютка берилет. Мектептин айланасы тазаланып ,жердин бети көгөрүп жаз келгенин билдирет. Күнөсканага помидор, пияз, бадырандардын уруктары себилди. Ишембиликке мүчөлөр активдүү катышышты. Мектеп бак өстүрүү, көмөкчү чарба,мал чарбачылыгы менен райондо таанымал мектеп.

 

 

Материалды даярдаган: Наргиза Тотоева