Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына даярдык

Раймамадминистрациянын башчысы-акимдин алдындагы коллегиянын кезектеги отуруму болуп, анда райондун жалпы билим берүү мекемелери менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы 2014-2015-окуу жылына даярдыгы жөнүндөгү маселе каралып, жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук түзүмдүк бөлүмчөлөр менен кызматтардын, жалпы билим берүү мекемелери менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышышты. Ушул маселе боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Иманалиев слайддарды пайдалануу менен кеңири баяндап берди.

Коллегиянын отурумунда белгиленгендей, райондун жалпы билим берүү мекемелери менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жаңы 2014-2015-окуу жылына даярдоо иштери "Билим берүү  жөнүндө" жана "Мугалимдин статусу" мыйзамдарына ылайык аткарылды. Райондун аймагында 47 мамлекеттик жалпы билим берүү мекемеси, мектептен сырткары 2 мекеме: балдарга билим берүү борбору жана балдар-уландардын спорт мектеби, ошондой эле жеке жалпы билим берүүчү 6 мекеме иштеп, алардан 23423 окуучу билим алып, балдар бакчаларында 2770 бөбөк тарбияланууда.                                                                                                                                                   

Жаңы окуу жылында 2672 бөбөк биринчи класстын босогосун аттайт. Билим берүү мекемелеринде 1384 мугалим эмгектенет. Район боюнча окуучулар окуу китептери менен 83% камсыздалат. 3792 комплект мектеп партасын, мугалимдер үчүн 396 столду, 397 китеп шкафын алмаштыруу зарыл, 313төн ашык класстык доска жетишпейт. Компьютерлердин жалпы саны 603 даана болсо, анын 214щ иштен чыккан абалда, жарактан чыккан эски моделдеги компьютерлер - 351. Жалпысынан 310 даана компьютер жетишпейт.                                                                                                                                       

Август айынын башында билим берүү уюмдарынын жаңы окуу жылына даярдыгын текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда бардык мектептерде оңдоо иштери жүрүп жаткандыгы айкындалды. Текшерүү учурунда комиссиянын мүчөлөрү оңдоо иштеринин сапатына, ушул ишке бөлүнгөн каражаттын туура пайдаланылышына, мектеп аймагынын санитариялык-гигиеналык абалына, ашканалардын санитариялык абалына, жылытуу системасынын кышка даярдыгына, мектеп айланасынын көрктөндүрүлүүнө, өрт коопсуздугунун сакталышына жана окуучулардын эмгек практикасынын уюштурулушуна көңүл бөлүштү.

Билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүдө төмөнкүдөй терс көрүнүштөргө жол берилген: окуучулардын эмгек практикасынын программасы толук аткарылбайт; мектепти сырдоо жана актоо иштеринин сапатына көңүл бурулбай, мектептин айланасын тазалоо иши колго алынган эмес; спорт аянтчасындагы куураган чөп,чырпыктар жыйналган эмес; көмөкчү бөлмөлөр, кырсык болгон учурда чыга турган кам эшиктер, ашкана керексиз майда-чүйдө нерселер менен толтурулган; электр жабдуулары, электр системасы текшерүүдөн өткөрүлбөгөн; өрт коопсуздугу боюнча нускама, окуучуларды эвакуациялоо схемасы, бардык кабинеттердин, көмөкчү бөлмөлөрдүн кам (запас) ачкычтары; өрткө каршы суу сактагычтар жок жана башка кемчиликтер орун алган. 

 

25-августка карата көрсөтүлгөн кемчиликтер жарым-жартылай оъдолду.Ушул тапта мектептердин жылытуу системаларын кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы билим берүү мекемелерине күз-кыш мезгилине 2148 тонна көмүр керек.

 

Азыр көмүр сатып алууга тендер өткөрүү иши аткарылууда. Айталиев атындагы жана, Буденовка орто мектептеринин жылытуу системасын оңдоо зарыл.

Жыйында жаңы окуу жылына даярдык маселеси боюнча ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Жумашбек Секишев да чыгып сүйлөдү. Райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирдикте санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 47 мамлекеттик билим берщщ мекемеси менен 6 жеке мектепти текшерип чыккан. Санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көзөмөлүндө турган мектептердин ичинен 37 мектеп типтүү имараттарда, 16 мектеп ылайыкташтырылган жайларда жайгашкан. 43 мектеп борбордоштурулган суу менен жабдуудан пайдаланса, 10 мектепте жергиликтүү суу менен жабдуу бар. Бардык мектептерде суу иче турган оргумалар иштетилбей калган, суу ичүү режими так сакталбайт.

Борбордук канализация жалпы билим берүүчү 4 мектепте иштейт, калган 49 мектепте жергиликтүү септик бар. Канализация шаардык мектептерде толугу менен, ашканалары же буфеттери иштеген айылдык мектептерде жарым-жартылай иштейт. 3 мектеп борбордук жылытуу менен, 50 мектеп жергиликтүү жылытуу (электр, газ, көмүр) менен жабдылган.                                                                                                                              

Жаңы окуу жылына карата Буденовка, Ак-Кудук, Лайлиев атындагы орто мектептери сапатсыз даярдалган. Лайлиев атындагы орто мектептин башталгыч класстары бузулуп калуу коркунучу болгон имаратка жайгаштырылган, Жээк орто мектебинин жыйын залынын чатырын оңдоо талап кылынууда. Буденновка, Курманов атындагы, Ак-Кудук, №4 Кант, Сакебаев атындагы орто мектептеринин аймактарынын көрктөндүрүлүшүнүн  абалы канааттандырарлык эмес.                                                                     

Биринчи май жана Ак-Сай толук эмес орто мектептеринин, №3 Ивановка башталгыч мектебинин, Ак-Кудук, Айдарбеков атындагы, Буденновка, Дмитриевка, Туз, Карагай-Булак, Жакишев атындагы, Норус, Молдокулов атындагы, Жакыпов атындагы жана Маликов атындагы орто мектептеринин имараттарынын маъдай жак бети гана тосуп коюлган. Кант шаарынын мектептеринде таштанды чогултуучу жайлар бар, №5 башталгыч мектептеги таштанды чогулткучту алмаштыруу талап кылынат. Айылдык мектептерде таштандыларды көрүп чыгаруучу аңгектер бар, Ак-Кудук, Сакебаев атындагы, Киргшелк жана №1 Ивановка орто мектептеринин аймактарынан таштанды өз убагында тартып чыгарылбайт.

Биринчи май жана Ак-Сай толук эмес орто мектепптеринин, Жетиген башталгыч мектебинин, Ак-Кудук, Кеңеш, Киргшелк, Шакиров атындагы, Туз жана Дмитриевка орто мектептеринин короолорундагы ажатканалардын абалы канааттандырарлык, ал эми Буденновка орто мектепбинин ажатканасы бузулуп калуу абалында турат. Алыбаев атындагы жана Молдокулов атындагы орто мектептердин ажатканаларынан жаан өтүп кетет, Ак-Кудук жана Киров орто мектептеринин короолорундагы ажатканаларды тазалоо, ал эми Курманов атындагы орто мектеп менен Ак-Сай толук эмес орто мектебине жаңы ажаткана куруу талапка ылайык келет.

Спорт аянтчалары спорт жабдыктары менен жабдылып, оңдолуп, сырдалган. Бирок Биринчи май толук эмес орто мектебинин,Норус, Буденновка, Айдарбеков атындагы, Жакишев атындагы орто мектептеринин спорт аянтчаларынын абалы канааттандырарлык эмес. Ошондой эле Ак-Кудук орто мектебинин спорт залынын жертаманы чирип, бузула турган абалга келип калган, чечине турган жай иштебейт, спорт залын оңдоо аяктай элек,   Киров орто мектебинин спорт залы оңдолгон эмес.                                                                             

Райондо 37 типтүү мектеп ашканасы бар, 16 мектеп ашканасы санитариялык ченемдер менен эрежелердин талаптарына жооп бербеген ылайыкташтырылган жайларга жайгаштырылган. Маселен, № 1 Кант орто мектеби-гимназиясында балдар жыйын залында, Норус орто мектебинде мугалимдер бөлмөсүндө тамактанышат.

№3 Кант орто мектебинин директору З.Н.Абдрахманова менен №2 Новопокровка орто мектебинин директору Ф.А.Низамудинова жыйында чыгып сүйлөп, мектепти жаңы окуу жылына даярдоо боюнча өз иш тажрыйбаларын ортого салышты.

Раймамадминистрациянын башчысы-аким Бактыбек Жапарович Кудайбергенов жаңы окуу жылы башталаарга чейин калган мезгилде даярдык ишиндеги кемчиликтерди четтетүүнү жетекчилерден талап кылды.