Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жылга жаңы максаттар!

2016-жылдын март айында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сүлүктү шаардык комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү.

            Президиумга баардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары жана президиум мүчөлөрү катышып, анда 2016-жылдын иш планын жана 2016-жылга карата шаардык комитеттин бюджетин бекитүү маселелери каралды.

            Президиумда шаардык комитеттин 2015-жылда аткарган иштеринин анализи слайддар менен катышуучуларга көрсөтүлдү. Аткарылбай калган иштер талкууга алынды.

Жаңы иш план да талкууланып кошумчалар менен бекитилди. Өзгөчө 2016-жылдын бюджети кызуу талкууга алынды. Сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилди.

Ар бир баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары да өзүлөрүнүн алдыларына жакшы максаттар менен жакшы пландарды коюп анын негизинде БПУнын иш пландарынын бектиүүнү милдеттенме алышты.

М.Т.Ибрагимов атындагы    №3 орто мектебинин

БПУнун төрайымы                 Р.И.Нурматова