Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы жыл алдында белектер тапшырылды

       Облустагы профсоюз уюмдарына жардам берүү айлыгынын алкагында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Жалал-Абад мамлекеттик Университетинин бириккен профкомунун төрагасы К.Болотбековдор Чаткал районунун Б.Камчыбеков, Сумсар, Гагарин атындагы орто мектептеринде, балдар бакчаларында жана В.И.Ленин атындагы жатак-гимназиясында болушуп, окуу-тарбия процесси, элет жеринде «      Билим берүү», «Мугалимдин статусу» мыйзамдарынын турмушка ашырылышы, профсоюздук уюмдар тарабынан мүчөлөрдүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча өнөктөштөр менен бирдикте жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышышты.

        Эмгек жамааты окуучулар менен жолугушууда мектепте окуучулардын сабактан бош учурларында ойноо үчүн спорт эмеректеринин жетишсиздиги боюнча сөз болгон эле.

       Жакында балдар үчүн волейбол, баскетбол, футбол үчүн топтор, шахмат, шашки комплектилери, 2 телевизор обкомдон белекке берилди.

       Белек тапшыруу аземи жатак-гимназиясынын директорунун, эмгек жамаатынын жана окуучулардын катышуусунда салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.

       Обкомдун мындай иштерине директор, жамаат, окуучулар өз ыраазычылыктарын билдиришти.

       Окуучулар мындай камкордуктар үчүн жакшы окуп, билим алууга ынтызар экендиктерин билдиришти.

 

В.И.Ленин атындагы жатак-гимназия

                                          мектебинин профкомунун төрайымы

                Жакыпбекова Б.