Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы ийгиликтерге шыктандырды

     Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы №90 Манас атындагы инновациялык жалпы билим берүүчү орто мектебинин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “2017-жыл – тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданияттуулукту жогорулатуу жылында мыкты иштери уюштургандык” республикалык кароо сынагында жеңүүчү болуп табылып, Борбордук Комитет тарабынан  диплом жана баалуу белек менен сыйландык.

    Бул сыйлык бизди  жакшы иштерди уюштурууга, алдыга умтулууга дем берип,  шыктандырды.

    Борбордук   Комитеттин  төрагасы   А.  Токтогуловко,  обкомдун төрагасы  А.Исмаиловко ыраазычылыктар билдирип, профсоюздук  ишмердүлүүк  кызматында  жаңы  ийгиликтерди  каалайбыз.

Материалды  даярдаган: Сузак  районунун  Манас  орто   мектебинин баштапкы уюмунун төрайымы-Боркошева Асель