Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы 2017-жылга бийик максаттар белгиленди

           2016-жылдын   30-декабрында Ноокен  райондук билим  берүү  бөлүмүнүн ,  райондук  комитеттин,  райондук   окуу-усулдук  борбордун   жамааттары жаңы  жылды  жакшы  ийгиликтер  менен  тосуп  алышты. Майрамдык  аземде  2016-жылда  аткарылган иштер,  ийгиликтер   жана   2017-жылдагы  жаңы  максаттар  тууралуу  тилектер, каалоолор  айтылды. Жаңы  жылда   райондун  билим  берүү  тармагында  инновациялык  иштерди   өркүндөтүү  менен билим  сапатын  көтөрүү,  билим  берүү  кызматкерлерине  мыкты  шарттарды түзүү  максаттары   белгиленди.

          2017-жылдын  4-5-январы  күндөрү  республикадагы  100  инновациялык  мектептердин  тизмесиндеги райондогу   №1  Ж. Бөкөнбаев  атындагы  жана  Н.Исанов  атындагы   жатак гимназия  мектептеринин  базаларында   билим   берүү   кызматкерлеринин   январь   усулдук секциялык  иштери  болуп  өттү. Эки  мектепте  2-сменада предметтер  боюнча  сабактар  интерактивдүү  доскалардан  пайдалуунун  натыйжалулугун көрсөтүп өтүлдү.

           Мектептердин,  бакчалардын  директорлору  үчүн “Кыргыз  Республикасынын  эмгек  мыйзамдары  боюнча  иш  кагаздарынын  үлүлөр томтому”  темасында  райондук  комитеттин  укук жана  эмгек  боюнча  тескөөчүсү А. Айдаров билдирүү  жасап суроолорго жооп  берди. Тема  боюнча  райБББнун башчысы   Б.Козуев  иш  берүүчүлөрдүн  милеттери  жөнүндө  кошумчалары  менен  толуктады.  Жетекчилердин  аттестациясына  даярдыкка  көмөк  көрсөтүү  максатында сыноочу  тесттер  өткөрүлдү.

         Мугалимдер,  тарбиячылар,  жетекчилер секциялык  иштерден  алган  жаңы  усулдук маалыматтары  үчүн  ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды  даярдаган  А.Айдаров.