Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАҢЫ ЖЫЛГА - ЖАҢЫ МАКСАТ

Бүгүнкү күндөгү талап , билимге болгон сапат.

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы тарабынан шаардык жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдери үчүн кышкы усулдук окуу семинары уюштурулуп, өткөрүлдү.

Усулдук семинар 2019 – жылдын 10 – январь күнү предметтик мугалимдер үчүн, 11-январь күнү класс жетекчилер үчүн В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинде өткөрүлдү. 

Семинар “Кыргыз Республикасынын билим берүү стандартынын негизинде ЖББУда билим сапатын көтөрүү, ишти жөнгө салуу жана жеңилдетүү” аттуу теманын алкагында болду.

Семинардын максаты:

  • Кыргыз Республикасынын билим берүү стандартынын негизинде ЖББУда билим сапатын көтөрүүнүн, ишти жөнгө салуунун жана жеңилдетүүнүн жолдорун иштеп чыгуу;
  • Билим сапатын көтөрүүнүн, ишти жөнгө салуунун жана жеңилдетүүнүн жолдорун иштеп чыгуу менен бирге ЖББУды өнүктүрүү;
  • Бири – бирибизди уга билип, мотивация берүү менен бирге келечек муунду татыктуу тарбиялоо.

Семинардын ачылышын ШБББнүн башчысы А.Ж.Исманов ачып, семинардын жүрүшүнө ийгиликтер каалаоо менен жаңы идеялар жана сунуштарды күтөрүн, ишти жөнгө салуунун жаңыча ыкмаларын талкуулашып, өзгөчө билим сапатын көтөрүүгө басым жасалуусун сунуш кылды.

Кесиптик бирликтин шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяров тегерек столдун катышуучуларын кирип келген 2019-жаңы жыл менен куттуктап, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү, мугалимдердин социалдык жактан колдоо менен укуктук маданиятын жогорулатуу багытындагы аткарылып жаткан иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ар бир предметтер өзүнүн бирикмелери менен, ал эми ББУ жетекчилери жана ОББлар бирге отурушуп, кызуу талкуу жана сунуштар менен жогорку деңгээлде өттү.

Экинчи күнү болсо класс жетекчилер менен тегерек стол түрүндө талкуу болду.

  1. Башталгыч класс балалыктын өлкөсү (0-1-2 класс жетекчилер).
  2. Мезгил менен жарышкан класс жетекчи кандай болуусу зарыл? (3-4 класс жетекчилер).
  3. Сапаттуу билим педагогикалык ишмердүүлүктөн жаралат (5-6 класс жетекчилер).
  4. Тарбия бул-элдин билим куту, ал эми тарбиялоонун таянычы бул-ата-эне менен класс жетекчи (7-8 класс жетекчи).
  5. Ар кандай жетишкендиктин биринчи тепкичи-так коюлган максат жана талап (9-10-11 класс жетекчилер). Талкуулар жүргүзүлдү.

 

Эшикте жааган аппак кар катышуучулардын маанайын ачып, көңүлдү тазартып, бакыттын нурун чачкандай. Мугалимдердин да көңүлдөрү жааган аппак ак кардай.

 

 

 

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Сүлүктү шаардык комитетинин маалымат кызматы