Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы жетекчи дайындалды

Жакында Ысык-Көл областына караштуу Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп - Иманалиев Болот Токтоналиевич дайындалды. Жаңыдан кызматка киришип жаткан жетекчини Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Г.Суранчиева мектеп, бала бакча директорлорунун жалпы жыйынында тааныштырды. Омүр баянына токтолуп, андан соң райондун акими тарабынан 2024-жылга билим берүү тармагынын алдына коюлган милдеттерди баса белгилеп өттү. Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Садабаев да сөз алып, райондук билим берүү бөлүмү менен райондук кесиптик бирлик комитетинин ортосундагы биргеликтеги иш аракеттер кабыл алынган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылып жаткандыгын айтты.

Райондун билим тармагындагы бардык маселелер кесиптик бирлик менен биргеликте, кеңешүү, макулдашуунун негизинде чечилип жаткандыктан жаңы жетекчи менен мындан ары да ушундай эле максатта иш алып баруу жагы туура болоорун белгиледи бекиген райондук билим берүү бөлүмүнүн ишине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Ак-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин кызматкери -  Ж.Жунушева