Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАҢЫ ЖАШОО БАРАГЫН АЧКАН- НООРУЗ, ЖЫЛУУ НУРУН ААЛАМГА ЧАЧКАН –НООРУЗ.

21-март күнү Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарындагы “Энергетик” спорт комплексинде таң эрте шаңдуу музыка жаңырып, Нооруз майрамын салтанаттуу белгилөөгө элдин көңүлүн бурду.

Стадиондун ичи-тышы  майрамдык маанай менен агылып келип жаткан  наристелерден тартып улгайган ата-апаларга чейинки элдин күрү-күүсүнө толду.

Майрамдык шаңга билим берүү мекемелери да салымын кошту. БЧҮнүн ийрим жетекчиси Макешова Тахмина жетектеген 2017-жылы “Көчмөндөр оюнундагы миң комузчудан турган ансамблинин катышуучулары,  “Жаш тилек” комузчулар тобу залкар комузчу Ибрай Тумановдун “Паровоз” деген күүсүн жаңыртышты.  Шаардагы математика мугалими Анаркан эжеке жетектеген “Шайыр апалар” тобу да улуу муундар мезгилиндеги обондуу ыларды созолонто ырдашып, көңүл кушун көкөлөтүштү.

Спорт майданынын четине кыдырата тигилген боз үйлөрдүн ар биринде мейман күтүү шааниси байкалып, дасторкондо мусулман элинин ыйык тамагы сүмөлөк,  нан-боорсок, мөмө-чөмөлөр ж.б.  жайнап, казан-казан аш демделип элге таркатылды. Алардын биринде шаардын агартуу тармагынын ардагерлери -  ак сакалдуу агайлар менен ак элечек эжейлер дасторкондон сый тамак ооз тийишип,  ,  шаардын бийлигине, шаардык билим берүү бөлүмүнө, билим берүү кызматкерлеринин профсюзунун шаардык  комитетине ыраазылык билдиришти.

 Мамлекетибизге, элибизге, шаарыбызга жаңылануунун башаты болгон Жаңы күн—Нооруз майрамы чоң-чоң жакшылыктарды, бекем биримдик менен ынтымакты, токчулук менен молчулукту, берекеси түгөнбөгөн куттуу байлык-насипти алып келүүсүн каалашып,  алакан жайып ак бата ыроолошту.