Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы, заманбап спорт зал, спорт аянтчасы менен бирге пайдаланууга берилет

Түп районуна караштуу Ой-Тал айылындагы Ш.Султанов атындагы орто мектебинин окуучулары жана педагогикалык жааматы жаңы жыл алдында жакшы белек алуунун алдында турушат. Себеби бул  айылда жаңы эки кабаттуу, 320 орундуу  мектеп курулуп бүтүп 2014-жылдын 7-ноябрында пайдаланууга берилип мектеп жамаатын, айыл калкын зор кубанычка бөлөгөн. Ал эми азыркы учурда 17 миллион сом акча каражаты жумшалып заманбап спорт зал, спорт аянтчасы менен курулуп бүтүп пайдаланууга берилүү алдында турат. Спорт залдын курулушун  Ысык-Көл өнүктүрүү фонду толугу менен каржылаган жана спорт зал бардык спорттук инвентарлар менен толук жабдылган.

Спорт зал эки кабаттан турат биринчи кабатта ажаткана, чечинип кийинчүү бөлмө, душ, ысык суу жана муздак суу менен камсыз болгон,  ал эми экинчи кабатта тенистик корт жайгашкан. Спорт залдын полдору нанатехнологиянын негизинде салынган. Мектеп окуучулары жана айыл жаштары үчүн баардык заманбап шарттар түзүлгөн. Спорттук зал «Аймактарды өнүктүрүү жылына»  карата толук курулуп бүтүп жакында салтанаттуу ачылышы болмокчу.

 

Мурат Сыдыков,
Түп райондук профсоюз комитетинин төрагасы