Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы төрайым шайланды

2024-жылдын 17-январында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык  комитетинин кезексиз  пленуму  болуп  өттү.

Пленумга Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Турдубаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен шаардык комитетинин төрайымы М.Калыкова жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын  төрага, төрайымдары катышышты.

Пленумда уюштуруу маселеси каралып, кесиптик  бирликтин Баткен  шаардык  комитетинин төрайымы  М.Калыкова башка жетекчилик кызматка дайындалгандыгына байланыштуу берген арызы каралып, төрайымдык кызмат ордунан бошотулду.

Ал эми кесиптик бирликтин Баткен шаардык  комитетинин жаңы төрайымдык кызматына Сапарбаева Ырысбүбү Имаралиевнанын талапкерлиги сунушталып, бир добуштан шайланды.

Пленум мүчөлөрү Сапарбаева Ырысбүбү Имаралиевнаны жаңы төрайымдык кызматы менен куттукташып, кесиптик бирликтеги мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Төрайым Ы.Сапарбаева пленум мүчөлөрүнө ишеним көрсөткөндүктөрдү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптик уюмдун ишмердүүлүгүн жакшыртуу  багытында иштей тургандыгын убадалады.

Пленумдун соңунда Баткен областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан жылдын жыйынтыгы менен мыкты баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага, төрайымдарына Ардак грамоталары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Баткен  областтык комитетитин уюштуруу иштери боюнча адиси: Гапарали уулу Мансур