Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы төрага шайланды

2024-жылдын 30-январында кесиптик бирликтин Токтогул райондук комитетинин кезексиз Пленуму болуп, анда уюштуруу маселеси каралды. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин аппарат башчысы Б.М.Кадыркулов, Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.А.Исмаилов, жооптуу кызматкери А.Айдаров,Токтогул райБББнун башчысы    А.К. Боржүева,пленум мүчөлөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, баштапкы кесиптик уюмдардын төрагалары катышышты. Пленум Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраиловдун ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматынан бошотуу  жөнүндөгү арызын канааттандырды. Пленум мүчөлөрүнүн сунушунун негизинде төрагалык кызматына Ажыбаева Кишимжан Кыштобековна бир добуштан шайланды. Ал буга чейин райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу болуп иштеген.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад обкомунун инспектору – А.Айдаров