Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы төрага шайланды

2024-жылдын  13-январында КР билим жана илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин Таш-Көмүр  шаардык  комитетинин кезексиз Пленуму  болуп  өттү.

Пленумда уюштуруу  маселеси каралып, кесиптик  бирликтин Таш-Көмүр  шаардык  комитетинин төрайымы  Утурбаева Мариякан  Төлөгөновна Бишкек  шаарына кызматка  дайындалгандыгына  байланыштуу төрагалык  кызматынан бошотуу  жөнүндөгү  арызы  канааттандырылды.

Пленум мүчөлөрү Утурбаева Мариякан Төлөгөновнага  кесиптик бирликтин билим берүү тармагындагы эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал эми кесиптик  бирликтин Таш-Көмүр  шаардык  комитетинин төрагалык кызматына Атаканов Замирбек Джолдошбековтун  талапкерлиги  сунушталып, бир добуштан шайланды.

Пленум  мүчөлөрү Атаканов Замирбек Джолдошбековду жаңы төрагалык кызматы менен куттукташып, кесиптик бирликтеги мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. 

Төрага З.Атаканов пленум  мүчөлөрүнө  ишеним көрсөткөндүктөрдү үчүн  ыраазычылыгын  билдирип, кесиптик  уюмдун   ишмердүүлүгүн жакшыртуу  багытында иштей тургандыгын убадалады.

 

Маалыматты даярдаган:  Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров