Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы технологияларды колдонуу – заман талабы

2019-жылдын 19-февраль күнү «Үлгүлүү кыргыз тили мугалими -2019” кароо-сынагынын 1-туру өткөрүлдү. Быйылкы  “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата биринчи турда мугалимдер “Кыргызтесттен” онлайн түрүндө компьтерлерде тесттик тапшырмаларды аткарышты жана “Кыргызстандын жакынкы келечеги жаңы маалымат технологиясында” деген темада көз караштарын эссе түрүндө жазышты. Эки тапшырманы мыкты аткарып, эң жогорку балл алган 12 мугалим 2-турга катышууга жолдомо алышты.

Алар:

Ноокен районундагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин арасында билим берүүнүн потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, эң мыкты таланттуу, алдыңкы технологияны колдонуп (Интернет, компьютер, интерактивдүү доска) чыгармачылык менен иштеген кыргыз тили  мугалимдерин табуу, аларга колдоо көрсөтүү, мугалимдердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу жана аларды турмушка ашыруу үчүн шарт түзүү, мугалимдин коомдогу кесиптик беделин көтөрүү максатында 2006-жылдан бери өткөрүлөт.

Райондук  2-чи  турунда жеринде мугалимдин ишмердүүлүгү, кабинеттер  жана  портфолиолор  көрүлөт.  Конкурстун    шарттары төмөнкүлөр:.

  1.  25  минуттук  сабактын  фрагменти. (катышуучу  классты жана теманы өзү  тандайт)
  2. Тест предмети  боюнча  (30  мин.)
  3. Чыгармачылык отчету -  самопрезентация  (5  мин.)
  4. Эң жакшы көргөзмө курал
  5. “Жаңы ойлор” мугалимдин чыгармачыл ишмердүүлүгү боюнча ачылышы.
  6. Портфолио (20 беттен  турган  өзүнүн  чыгармачылык  отчету). 

Талапкерлердин ишмердуулугун баалоодо төмөнкүлөргө негизги көңүл бурулат.

 -   Конкурсту өткөрүүнүн бардык этаптарында төмөнкүлөргө негизги көңүл бурулат:

  1. Мугалимдердин иштөө системасына, учурдун педагогикалык технологиясын   өздөштүрүүнүн деңгээлине;
  2. Сабактарды педагогикалык илимдин жетишкендиктерин пайдалана билүүсүнө;
  3. Окуучулардын инсан  катары  өсүшүнө  түзүлгөн  өбөлгөлөр.;
  4. Педагогикалык мамиле  жана  педагогикалык  кызматташтык;
  5. Талапкерлердин  жалпы  ой  өрүшү (кругозору),  маданий  деңгээли;
  6. Талапкерлердин окуучуларынын билим деңгээлинин туруктуу өсүшүнө баа   берүү

(акыркы  бир  нече  жыл  ичинде  окуучуларынын  облустук,  республикалык,  Эл  аралык   олимпиадаларда  жетишкендиктери, конкурстарда,  окуунун  отличниктери,  билими  жөнүндө  өзгөчөлөнгөн  документтерге  ээ) экендиги эске алынып, бааланат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө райБББ жана райКБК тарабынан Ардак грамоталар, баалуу белектер жана жайкы эс алуу үчүн Өзбекстандын Самаркан, Ташкент жана Андижан шаарларына жолдомолор берилет.   

 

 

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райБББнүн мамлекеттик тил боюнча адиси 

Г. Андарова