Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы спорт залдын курулушу башталды.

Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Шамшидин Сүйөркулов атындагы №35 орто мектебинде жаңы заманбап спорт залдын курулушу башталды.

Курулушка капсула салуу иш-чарасына Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким  Э. С. Маматаев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. М. Алыкулов, айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары, тургундары жана мектеп жетекчилиги катышышты.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында курулуп жаткан спорт залдын жалпы сметалык баасы 9 млн сомду түзөт. Ал районду өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. Жергиликтүү калктын салымы 550 миң сомду түзгөн. Курулушту «Рамзан» компаниясы жүргүзүп, учурда пайдубалы бүтүү алдында турат.
Ушундай эле спорт зал Шайдан айыл аймагындагы Б. Дамашев атындагы №30 орто мектебинде да курулууда.

Материалды даярдаган:
Ш.Сүйөркулов атындагы 35 орто мектебинин профкому
Г. Эралиева