Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына жаңылануу менен

Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан Н.Токторбаев атындагы №5 орто мектеби 1986-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Мектеп 320 орундуу, типтүү. Азыркы күндө мектепте 38 кызматкер эмгектенип, 370 окуучу билим алат.

Мектепте ошол учурдан тартып утурумдук ремонт иштери жүргүзүлүп келген. Көп жылдар өтүп, мектептин чатырынан суу өтүп, жылытуу системасы бузулуп калгандыктан капиталдык ремонтко муктаждык пайда болгон.

Бул жылы Шайдан айыл өкмөтү менен Үч тараптуу макулдашуунун негизинде мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сүйлөшүлүп, жакшы жыйынтык болду. Ноокен районунун өнүктүрүү фондунан 11 000 000 (он бир миллион) сом, Шайдан айыл өкмөтүнөн 520 000 (беш жүз жыйырма миң) сом каражат бөлүнүп, азыркы күндө ремонт иштери кызуу жүрүп жаткан кези.

Бүгүн Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Н.Шаршеналиев мектепте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү жана быйылкы  жаңы окуу жылына чейин бүтүрүү тапшырмасын берди. Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин 70%ы бүттү.

 

Маалыматты даярдаган: №5 Н.Токторбаев атындагы орто мектебинин директору, Шайдан айылдык кеңешинин депутаты М.Сыдыкова