Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына даярдык

Аксы районундагы «Жибек» мектепке чейинки билим берүү уюмунда кызуу иш жүрүүдө. Жаңы 2021-2022-окуу жылына карата оңдоо иштери болду. Балдар ойноочу бөлмөлөр кооздолду, түрдүү оюнчуктар алынды, уктоочу бөлмөлөр тазаланды. Бөбөктөр үчүн жомоктор бурчтары уюштурулду. Профком Аширалиева Гүлжамал ар бир тарбиячы, жардамчы, ашпозчуларга коопсуздук эрежелерин сактоону эскертип, коопсуздук китепчесине кол койдурду. Балдар олтурчу столдор түрдүү түскө боёлуп, группага кирсең көңүлдү ачып турат. Айланада атыр жыттуу гүлдөр жагымдуу маанай тартуулап турат.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы №6 орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Тотоева