Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы мектептеги жаңылыктар

2024-жылдын 22-январында Билим жана илим кызматкрелеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетинин төрагасы М.Примкулов Сузак районуна караштуу №102 М.Сарыков атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты менен жолугушту. Анда төрага мугалимдерге үч тараптуу макулдашуу, жамааттык келишим жана эмгек тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эмгек жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Эске салсак: №102 М.Сарыков атындагы орто мектебинин 275 орундуу имараты жаңы курулуп, 2023-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинентинин төрагасы А.Жапаровдун катышуусунда ачылып пайдаланууга берилген. Бардык шарттары бар, азыркы талапка ылайык салынган мектепте окуу иштери ийгиликтүү жүрүүдө.

Баштапкы кесиптик бирлик уюму да мугалимдердин укугун жана кызыкчылыгын коргоо, ден соолуктарын чыңдоо ишине көңүл бурууда.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райондук кесиптик бирлик комитети