Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы мектеп

Ат - Башы районунун Бирлик айылындагы Самудун Мурзакматов атындагы орто мектебинин жаӊы имаратынын ишке берилишинин урматына 6 - ноябрь 2018 - жылы мектептин ачылыш аземи болуп өттү.

Окуучулар менен мугалимдер жамаатынын көптөн күткөн тилектери орундалып, мектеп 225 - балага ылайыкталган. 9 - класстык бөлмө, спорт зал жана кабинеттерден турат.

Мектептин жалпы сметасынын баасы 57млн.сом. Сумманын 50 пайызын «Түрк Гранты» каржылап, мамлекет калган 5о пайызын республикалык  бюджеттен карады.

Курулушту тендерден утуп алган «Тунук» курулуш фирмасы бүткөрдү. Мектептин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин депутаттары Алмаз Баатырбеков, Жылдыз Мусабекова К.О., Нарын облусунун ыйгарым окулу Аманбай Кайыпов, райондун жетекчилери, чакырылган меймандар, айыл тургундары, мектеп жамааты ж.о.э мектеп окуучулары катышышты.

 

Материалды даярдаган Керималиев Келдибек