Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Баткен районунун Газ айылында 225 окуучу орунга эсептелинген жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Жаңы мектепти ачуу салтанатына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Купешев Б.Д., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Орозова К.Б., Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаев А.К., облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, мугалимдер, айыл аксакалдары катышты.

Жаңы мектепте окуучулардын билим-тарбия алуусу жана мугалимдердин чыгармачылык менен иштөөсү үчүн бардык керектүү, заманбап шарттар түзүлгөн. Салтанатка катышып, сөз сүйлөгөн мугалимдер, окуучулар жана айыл тургундары кубанычтары койнуна батпай,  өлкө

Президентине жана тийиштүү бардык жетекчилерге терең ыраазычылыктарын билдиришти. Газ айылынын балдары буга чейин өткөн кылымдын 60-жылдарында курулган, шарты жок, авариялык абалдагы имаратта окуп келишти.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын төрагасы А.Зайитов