Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы имараттын ачылышы

Ат-Башы айыл аймагына караштуу Ак -Жар айылындагы "Ак-Жар Сезими" бала бакчасына жаңы кошумча имарат курулуп, ачылыш аземи өткөрүлдү. Аталган бала бакчанын кызматкерлери тарабынан демилге көтөрүлүп айылдагы бош калган имаратты ондоп түзөө иштерин жүргүзүп, имаратка жаны кошумча бөлмөлөрдү салышып, ишке киргизилди.

Бул курулушту бакчанын кызматкерлери 100 мин  сомдон чыгарып, жалпы 2,5 млн сомго бүткөрүштү. Бул салтанаттуу иш-чарага райондун акими Э. Абдыкадыров, айыл өкмөт башчысы Р.Докоев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Солтобаев, кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы К.Керималиев жана айыл аксакалдары, чакырылган коноктор катышты. Салтанатты Райондун акими Э.Абдыкадыров ачып, жакшы тилектерин айтты. Кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети тарабынан алдынкы кызматкерлерге грамоталар тапшырылды жана бала бакчага акчалай сыйлык ыйгарылды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ат-Башы райондук комитети