Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы долбоор өз ишин баштады

Ак-Суу районунун Теплоключенка жана Шахты-Жыргалаӊ айылдарында мектеп окуучуларынын англис тилин тереӊ өздөштүрүүсүнө шарт түзгөн English Access Microsholarship Program программасы өз ишин баштады. Долбоор арылуу  эки айылдын аз камсыз болгон үй-бүлөрүнөн 30  улан-кыздар тандалып алынды. Эми алар эки жыл бою англис тилин терең окуп үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Андан тышкары программанын алкагында  катышуучулар лидерлик жөндөмдүүлүгүн жакшыртып, коомдук иштерге катышуусу жогорулайт жана ошондой эле ар бир бала өз талантын өнүктүрөт. Программаны АКШнын мамлекеттик департаменти каржылайт. Ал эми ишти «Атуул» коомдук бирикмеси алып барат.

English Access Microsholarship Program программасы бир гана англис тилин окутуу менен чектелбейт. Ал улан-кыздардын дүйнө таанымын кенейтип, жеке инсандык сапаттарын өстүрөт. Биздин баардык күч аракетибиз, ар бир катышуучунун жөндөмдүүлүгүн, мүмкүнчүлүгүн аныктоо менен, анын ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошууга багытталат. Ошого жараша эки жыл аралыгында бир катар иш-чаралар өткөрүлмөкчү, - дейт Галия Хурова, «Атуул» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору.

Чындыгында программа, балдардын тил үйрөнүүсүнө жакшы шарттарды түзүп берет. Маселен, окуучулар үчүн атайын заманбап китептер жана оргтехника алынган. Андан тышкары балдардын эс алуусу үчүн эки жайкы лагерлер пландаштырылган. Ал эми мугалимдер үчүн интерактивдик усулдар боюнча үзгүлтүксүз окуу да каралган.

Кошумчалай кетсек, English Access Microsholarship Program өз ишин 2004-жылдан баштап, дүйнөнүн  80ден ашуун өлкөсүндө ишин алып барат. Ал эми «Атуул» коомдук бирикмеси болсо ишин Кыргызстанда 2002-жылдан бери алып барат. Уюмдун негизги миссиясы - жергиликтүү калктын - өзгөчө жаш муундун, өлкөнүн өнүгүшүнө катышуусун камсыз кылуу болуп саналат. Он алты жыл аралыгында «Атуул» жыйырмадан ашуун долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды.  Алардын көбү Кыргызстандагы жаштардын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

Бул ишти аткарууга мугалимдерге сынак жарыяланып Ак-Суу районунун 3 мектебинен тандалып алынган балдар менен иш алып барууга Теплоключенка айылынан Мамакеев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Осмонбаева Назира жана Шахта-Жыргалаң айылынан Абдубалиева Салтанат тандалып алынды. Бүгүнкү күндө алар аталган программаны ишке ашыруу үчүн жигердүүлүк менен иш жүргүзүп жатышат.

 

Материалды даярдаган:

                                                          Жибек Жунушева,
Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери.