Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жатаканада жашоо керемет” ШТК таймашы тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде 1-апрель күлкү майрамына карата  жатаканалар аралык “Жатаканада жашоо керемет” аттуу студенттик шайыр тапкычтар клубунун – ШТК (КВН) оюну Ош улуттук драма театрында тартууланды.

Командалар саламдашуу, үн коштоо – «белгилүү мултьфилимдерге үн коштоо», суроо-жооп, үй тапшырмасы турларында өз чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

Сынак белгилүү куудул Талант Анарбаев башында турган калыстар тобунун сынынан өтүп, жыйынтыгында 1-орунду багындырган №7 жатакананын  командасы 10 миң сом сыйлыкка, 2-орунду жеңген №4 б жатакананын командасы 7 миң сом сыйлыкка, 3-орунга ээ болгон  №4 а жатакананын  командасы 5 сом сыйлыкка ээ болуп, дипломдор менен сыйланышты.

Сыйлыктарды тапшырып жатып ОшМУнун ректору Каныбек Исаков  студенттерди майрам менен куттуктап өттү.

 “ШТКны өткөрүүнүн негизги максаты жатаканада жашаган жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, юмордук сезимдерин өстүрүү,  сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, ОшМУнун жатаканалар арасындагы достук  мамилени чыңдоо,жаштар арасында мамлекеттик тилдин баркын көтөрүү, университетибиздеги талантуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм шыктарын өстүрүү, аткаруу чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат”, - деди уюштуруучу, ОшМУнун жатаканалар боюнча координатору Жеңишбек Элболдуев. 

ШТКнын жүрүшүндө жаңы шайланган студенттик кеңештин төрагаларына төрагалык күбөлүктөр тапшырылды. Белгилей кетсек, сынак ОшМУнун тарбия департаменти тарабынан уюштурулду.