Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш-чаралары жүрүп жатат

Ноокен районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде жашылдандыруу-көрктөдүрүүнүн 3 айлыгынын негизинде “Чырпык өсүп чынар болот, мектебибиз, бакчабыз гүлгө толот" урааны астында бир топ жумуштар аткарылды.

Анын негизинде жалпы мектеп жана бала бакчаларда мөмөлүү көчөттөр 2224 даана, мөмөсүз дарактар 1883 даана, көп жылдык  гүлдөр 3580 даана отургузулду.

Андан сырткары бак-дарактар акталып, арыктар тазалынып, таштандылар чыгарылды.

Демөөрчүлөр жана айык өкмөттөрү тарабынан жалпы 2 374 045 акча каражаты бөлүнүп берилип, көрктөндүрүү иштерине жумшалды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук комитети