Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жашыл мектеп, жашыл шаар, таза аба, бекем ден-соолук!

2021-жылдын 1-май күнү Кара-Көл шаарында Кыргыз Республикасынын аппараты тарабынан берилген тапшырмага ылайык, Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бак тигүү, "Туруктуу жашоо жана билим берүү программасы" ЮНЕП (ЮНЕП БУУ айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программасы) жетектеген, он жылдык туруктуу керектөө жана өндүрүү программасынын алкагында "Жашыл мектеп" долбоорун ишке ашыруу максатында Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинде 40 даана карагай көчөттөрү отургузулду.

Бүгүнкү иш-чарага шаарыбыздын мекеме жетекчилери жапа тырмак жардам ирээтинде көчөттөрдү өздөрү алып келишип мектептин айланасын көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошуп жатышты. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалпысынан 40 ийне жалбырактуу көп жылдык карагай көчөттөрү мектептин айланасын көркүнө чыгарды. «Адам, артыңда миң жылдык из калтыргың келсе дарак өстүр» деген накыл сөз бекер айтылган эмес, буюруса муундан-муунга кала турган жакшы иштин башаты бүгүн жасалды.

 

Маалыматты даярдаган: Кара-Көл шаарпроф комитетинин төрайымы А.Каракозуева