Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында иш чаралар уланууда

13-февраль күнү Ноокен райондүк мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылына карата жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында райондук укук коргоо органдарынын башчылары, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, социалдык маселелер боюнча адистери, аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кенешинин төрайымдары, мектеп директорлору, соц.педагогдору, балдар бакчалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйынга Жалал-Абад областтык прокурорунун орун басары А.Каримов  келип катышты.

Күн тартибиндеги маселе боюнча маалыматтарды Ноокен районунун прокурору З.Джумабеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Н.Сыдыков, райондук социалдык бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Бакировдор маалымат беришти.

Райондун аймагындагы мектеп директорлору жана окуучулары тарабынан даярдалган видео-роликтер жана "Ата-эне сагынычынын баасы" аттуу сахналык көрүнүш тартууланды.

 

Ноокен райБББнүн башкы адиси

А.Каримова