Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштардын чечимдерди кабыл алуудагы орду жана ролу

       2020-жылдын 26-сентябрь күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы “Керемет” эс алуу борборунун жыйындар залында Ноокен райкомунун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин семинары болуп өттү.

       Анда баштапкы кесиптик уюмдарынын жаштар кеңештеринин төрага, төрайымдары жана уюштуруучулары, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери боюнча адиси А.Ибраимова жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жаштар кеңешинин төрагалары катышышты.

        Иш-чараны жаштар кеңешинин төрагасы Т. Бакиров ачып, жаштар кеңешинин жаңы окуу жылына карата максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып өттү. Ошондой эле  Ноокен райкомунун алдында түзүлгөн жаштар кеңешинин жаңы курамы менен тааныштырды.

Семинардын жүрүшүндө жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары У.Уметов “Жаштардын жалпы жарандык чечимдерди кабыл алуудагы орду жана ролу” темалары боюнча слайддар аркылуу усулдук материалдар берилди жана талкуу жүргүзүлүп, катышуучулар практикалык иштерди  жасашты.

         Семинарга келген коноктор, катышуучулар өздөрүнүн жылуу ой-пикирлерин билдиришип, семинар жогорку денгээлде өткөндүгүн белгилешти.                                                                                                                             

         Семинарды жогорку денгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетине, демөөрчүлөргө, “Керемет” эс алуу борборунун жетекчилигине жана кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.

Материалды даярдаган:

Ноокен райкомунун алдындагы

жаштар кеңешинин мүчөсү

Ж. Жээнбаева