Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар жана келечек

Таш-Көмүр шаарында 14-февраль күнү №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинде  жылда өткөрүлүүчү жана салтка айланган “Жаш мугалимдердин слёту ”старт алынды.Мында эмгек стажы 1-5 жылга чейинки жаш мугалимдер сабактарын өтө алышат. Слётту шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулчулары К.Кенжекулова жана А.Мамасалиева,ШБББнүн инспектору Г.А.Эргешова,шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жаштар кеңешинин төрагасы Дайырбек уулу Манас куттуктоолорун айтышып,иштерине ийгиликтнрди каалашты.Профсоюз уюмунун Жаштар кеңешинин иштери менен таанышышып профсоюз уюму жөнүндө кеңири маалымат алышты.№14 инновациялык гимназия мектебинин окуучулары жана мугалимдери чакан концерттерин тартуулашты.Жаш мугалимдер интерактивдүү доскаларда иштөөнүн ыкмаларын,онлайн сабактардын өтүүнүн жолдорун практика жүзүндө көрө алышты.

 

 

 

Даярдаган: 

Э.Ж.Эгизалиева