Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАШТАР СПОРТ ҮЧҮН ЖАНА БАҢГИЗАТКА КАРШЫ...

Баңгизат  колдонуп, утурумдук жашоону негиз көргөндөр, же спорт менен машыгып, ден соолукту чыңдап, жаркын жашоодо жашагандар. Коом үчүн кайсынысы көбүрөөк таасирин тийгизет? Биз жашап жаткан чөйрөдө дээрлик баары кездешет. Бирок, коом үчүн терс таасирин тийгизип, жаштарды жаман жолдо жүрүшүнө түрткү болгон баңгизаттар тууралуу канчалык маалыматка ээсиз?  Дал ушул суроолордун алкагында бүгүн Ош-гуманитардык педагогикалык институтунда “Жаштар спортту тандайт” аталышында жолугушуу  болуп өттү.

Аталган   иш чаранын коногу Мамлекеттик бажы кызматынын адистештирилген окутуу бажысынын подполковниги Нурбек Джээнбеков болуп, алгач студенттерге тийиштүү болгон бардык  маалыматтарды берди.

Мында  баңгилик дарт деген эмне жана анын түрлөрү, стимуляторлор, марихуана , синтетикалык баңгизаттар. Аларды   колдонгон адамдардын өмүрүнүн  кооптулугу, баш тартуу абалы туурасында терең түшүнүктөр сөзгө алынып, слайд аркылуу чагылдырылды.

Өлкөбүздүн келечеги таза коом менен куралат. Коомчулукту түзүп турган жаштарга туура маалымат жеткирүү жана  аларды  жакшы жолго багыттап, жаман жолдон кайтаруу максатында уюштурулган бул жолугушуу суроо-жооп жана атайын баңгизатка уюшулган бир топту түзүү менен жыйынтыкталды. Алдыда бул түзүлгөн топ жер-жерлерге кыдырып, жаштар арасында бангилик  боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, спортко үндөө максатында иш алып барышат.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу