Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаштар-профсоюздун келечеги” темасындагы облустук профсоюздук иш-чара

2021-жылдын 27-февралында мектептин  профсоюздук  уюму  Республикалык кароо-сынакта  катышып,  байгелүү  1-орунду ээлеп,  профсоюздук  ишмердүүлүктө ийгиликтерге   жетишкен  Сузак  районунун Манас атындагы орто  мектебинин  базасында “Жаштар-профсоюздун  келечеги”  темасындагы  облустук профсоюздук  иш-чара  болуп  өттү.

 

Анда Жалал-Абад  обкомунун төрагасы  А.Исмаилов, жооптуу  кызматкерлери, Сузак  райкомунун төрагасы  А.Орозалиев, инспектору М.Примкулов, Жалал-Абад шааркомунун төрагасы М.Мамасыдыков, Базар-Коргон райкомунун  инспектору  К. Асыранкулов, райшааркомдордун  алдындагы жаштар  кеңештеринин  төрагалары,  Сузак  райкомунун алдындагы  жаштар  кеңешинин  мүчөлөрү  катышышты.

 

Иш-чара баштапкы профсоюздук уюмдун “Профсоюз ишенимдүү таянычыбыз!” аттуу көргөзмөсүн танышуудан башталып, 4 бөлүк менен өткөрүлдү.

Иш-чараны  обкомдун инспектору А.Айдаров ачып, кириш сөздү обкомдун төрагасы А.Исмаиловко берди. Төрага сөзүндө жаштар кеңештеринин ийгиликтери  жана алдындагы милдеттери тууралу айтып, жаштарга жакшы каалоо тилектерин билдирди.

 

Сөздү Сузак  райкомунун  төрагасы  А. Орозалиев улантып,  жаштар  кеңештери профсоюздук  кымылга  активдүү  катышып, жаш  педагогтордун лидерлери бола  алышты. Алар мындан  ары  профсоюз ишмердүүлүктү  өркүндөтүүгө  чөң  салымдарын кошот  деп , иш  чараны   ийгиликтүү  өтүшүн каалады.

Иш-чаранын 1-бөлүгү башталып, облустук жаштар кеңешинин төрагасы З.Б.Сулайманов отурумду алып барып, анда  төмөнкү маселелер каралды: 

  1. Облустук Жаштар Кеңешинин курамына  өзгөрүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө.
  2. Облустук Жаштар  Кеңешинин 2021-жылга иш  планын  бекитүү  жөнүндө.
  3. Облуста Жаштар  Кеңештерин  2018-2020-жылдарда  аткарган  иштери   жана  иш  тажрыйбаларынын  негизинде  усулдук  китепче  даярдоо  жөнүндө.
  4. “Жаш профлидер-2021”  кароосун  өткөрүү  жөнүндө.

Күн тартибинде  каралган   маселелер  боюнча  тийиштүү  токтомдор  кабыл  алынды.

2-бөлүгүндө Сузак райкомунун   жаштар  кеңеши  тарабынан  даярдалган  “Эмгек  жааматтарындагы  талаш-тартыштардын  келип  чыгуу  себептери  жана  аларды  жоюнун   ыкмалары”  темасында  Суламанова  А,  Бабаева  Л,  Атамбаева А слайд   менен  маалыматтар  беришди. Иш-чаранын   катышуучулары тайпаларга  бөлүнүп  иштеп, тема  боюнча  практыкалык  тапшырмаларды  аткарышып презентацияларды  өткөрүштү.

3-бөлүгүндө  Борбродук  Комитетин  сыйлыктары  жана  аларды  жоболору тууралуу  маалыматттар,  материалдык  жардамдарды  алуу  тартиптери боюнча эрежелер уюштуруучулар  тарабынан  берилди.

4-бөлүгүндө Ноокен райкомунун алдындагы жаштар кеңешинин  төрагасы,  Кыргызстан  Профсоюздар  Федерациясынын 24-съездинин, Кыргыз  Республикасынын  Билим жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун 7-съездинин  делегаты Т.Бакиров жаштарга көрсөтүлүп  жаткан  камкордуктар,  жаштар  тарабынан аткарылып жаткан  алгылыктуу  иштер  жөнүндө  айтып, жаштардын  атынан  Борбордук  Комитеттин  төрагасы  А.Токтогуловко,  обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко  ыразычылыктарын  билдирди.

Иш-чараны обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов  жыйынтыктап: ”Жаштар - профсоюздун келечеги, биз Сиздерге ишенебиз, билим берүү  кызматкерлеринин  профсоюзунун  өнүгүүсүнө    зор  салымдарыңыздарды көшө  аласыздар  жана   активдүү  катышасыздар”- деп каалоосун   билдирди.

 

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору-А.Айдаров.