Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар менен жаңы окуу жылындагы келечек иштер талкууланды

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  кесиптик   бирлигинин   Жалал-Абад  облустук  комитетинин   алдындагы  жаштар  кеңешинин  төрагасы  З.Сулайманов облустук  жаштар кеңештеринин  лидерлери  менен  “Красная  Гвоздика”  эс  алуу  борборунда  жаңы окуу  жылында  жаштар  менен бирге  аткарылуучу  иштер  тууралуу  талкуу  өткөрдү.

Талкуу  учрунда  баштапкы  кесиптик бирлик  уюмдарында жаштардын  активдүүлүгүн  көтөрүү, жаш  педагогдорго  усулдук  жардамдарды  уюштуруу,  насаатчылыкты жакшыртуу сунуштары, жаштарды  эмгегин  стимулдаштыруу жолдору,  мыйзамдуу  жеңилдиктер  менен  камсыздоону  чечүү жөнүндөгү  маселелер   жаштар  тарабынан  айтылды. Талкуу  кызуу  журуп келечектеги жаштар   кеңештеринин ишмердүүлүгүн  уюштурууга усулдук жардам  болду.

Областтык  жаштар  кеңешинин  төрагасы  З.Сулайманов талкууну  жыйынтыктап, жаңы  окуу  жылында райшаардык  жаштар  кеңештери  менен  биргеликте алдындагы турган   маселелерди  чечүү багытында  иш  алып  барарын билдирди.

Жаштар Борбордук  Комитетке, облустук комитетке  Ысык-Көл облустунун  Төң  районундагы “Красная  Гвоздика”  эс  алуу  борборунда  уюштурулган  эс  алуу   иш-чаралары  үчүн  ыраазычылыктарын  билдиришип, жаңы окуу жылында  демилгелүү  иштештерин айтышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров