Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар комитети менен жолугушуу

Ош облустук профсоюз комитети тарабынан жогорку окуу жайлардын жаштар комитеттеринин төрагалары менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда кесиптик бирлик менен жаштардын ортосундагы мамилелерди чыңдоо, иштиктүү иш-чараларды өткөрүү, алардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы иштерди активдештирүү жана контрактык негизде окуп жаткан студенттерди профсоюздук мүчөлүккө кабыл алуу, мүчөлүк акыларын топтоонун жолдорун эрежелештирүү жөнүндө ой-пикирлер, сунуштар ортого салынып, талкууланды.

Жолугушуу, жаштар арасында профсоюздун ролун кеңири жайылтуу максатында өткөрүлдү.  

 

Материалды даярдаган: Ош облустук профсоюз комитети