Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар кенешинин алгачкы семинары жана уюштуруу отуруму ɵткɵрүлдү

     Жакында 2018-жылдын 31-мартында Аксы районунун Үч- Коргон айыл аймагында Н.Мешков атындагы №34 жалпы орто мектебинин базасында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райшааркомдорунун алдында  түзүлгɵн жаштар кеӊештеринин тɵрагаларынын областык семинары болуп ɵттү.

     Семинарда Жаштар кеӊешинин жобосу менен тааныштырып, иш пландарынын үлгүлɵрү боюнча усулдук материалдарды Жалал-Абад обкомунун  профсоюздук Билим берүү борборунун жетекчиси А.Айдаров слайддар менен тушундуруп, бир канча суроолорго жооп берди. Семинарга Аксы, Ала-Бука, Кара-Кол, Таш-Комур, Базар-Коргон, Кок-Жангак, Майлуу-Суу, Сузак райшааркомдун жаштар кеӊештеринин тɵрага, тɵрайымдары катышты. Семинар бүткɵндɵн кийин жаштар кеӊешинин обкомдун жооптуу кызматкери А.Айдаровдун катышуусунда Облустук Жаштар Кенешинин тɵрагасы З.Сулайманов,орун басары Т.Бакиров жана катчысы М.Мамасыдыков шайланды.

     Семинардын жыйынтыгында Жаштар Кенешинин тɵрагасы З.Сулайманов ишеним үчүн жаштарга тереӊ ыраазычылыгын билдирип, жаштардын кɵйгɵйлɵрүн чечүүдɵ жаштардын лидерлери менен биргеликте иш алып барууга чакырды. Семинарда суроо-жооптор берилип жогорку деӊгээлде кызыктуу болуп ɵттү.

Материалды даярдаган Аксы районунун

Жаштар Кенешинин тɵрайымы;               М.Омурбекова