Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар Кеңештеринин төрагаларынын семинары жана уюштуруу отуруму өткөрүлдү

      2018-жылдын 31-март күнү Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы  Мешков атындагы  орто  мектебинин  базасында Билим берүү жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун райшааркомдорнун  алдында  түзүлгөн  жаштар  кеңештеринин төрагаларынын облустук  семинары бөлүп өттү.

 Семинарда  төмөнкү тематикалар:

1.Борбордук Комитет  тарабынан бекитилген Жаштар Кеңештеринин Жобосу  менен тааныштыруу.

2.Жаштар Кеңештеринин уюштуруунун  кадамдары.

3.Жаштар Кеңештеринин ишмердүүлүгүнүн  багыттары.

4.Жаштар Кеңештери тарабынан  аткарылуучу  иштердин тизмеги.       

5.Жаштар Кеңешинин  иш  пландарынын үлгүлөрү боюнча усулдук  материалдар Жалал-Абад  обкомунун профсоюздук  билим  берүү  Борборунун  жетекчиси А.Айдаров тарабынан слайддар менен жеткирилип, усулдук  материалдар таратип  берилди. Семинардин жыйынтыгында Ала-Бука, Аксы, Сузак райондорунун, Кара-Көл шаарынын жаш лидерлери ыраазычылыктарын билдирүү  менен пайдалуу сунуштарын айтышты. 

  Семинардан кийин облустук  Жаштар  Кеңешинин 1-уюштуруу жыйналышын обкомдун жооптуу  кызматкери А.Айдаровтун алып баруусунда өткөрүлүп, облустук  Жаштар Кеңешинин төрагалыгына обкомдун финанса бөлүмүнүн башчысы Замирбек Сулайманов , орун басарлыгына Ноокен райкомунун инспектору Тилек Бакиров, катчылыгына Жалал-Абад шааркомунун уюштуруучусу Максат Мамсадыковтор  шайланды.

            Төрага З.Сулайманов ишеним үчүн жаштарга ыраазычылыгын билдирип,  жаштарын көйгөйлөрүн чечүүдө райшаар жаштар кеңештеринин лидерлери менен биргеликте иштөөгө чакырды. Жаштардын  суроолоруна жоопторун  берип, алдындагы милдеттерге токтолду.

Материалды даярдаган: М.Абдыкадырова-Обкомдун басма сөз катчысы.