Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар Кеңешинин семинары өттү

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  Майлуу-Суу шааркому тарбынан  2018-жылдын 7-9 август күндөрү Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата турбазасында өткөрүлгөн облустук  Жаштар Кенешинин семинарынын негизинде шаардык семинар №8-орто мектебинн базасында өткөрүлдү. Семинарга ар бир мектептин, бала бакчанын жана мектептен тышкаркы мекеменин жаш профсоюздук лидерлери катышты.

     Биринчи  Жаштар Кеңешинин Жобосу менен тааныштырып, талкуулоо болду, ар бир катышуучуга Жобо таратылып берилди.
Мен  өзүм катышып келген семинардын материалдарын слайд-шоу аркылуу көрсөтүп бердим. Облустук Жаштар  Кеңиши  тарабынан  мурда өткөрүлгөн семинарлардын материалдары да жеткирилди.

      Ошону менен бирге жаш профлидерлерге тапшырма берилип, алар өзүнүн мектебинде жыйналыш өткөрүп, жаш профсоюздук  мүчөлөрдү тактап, алардын арасында иш жүргүзүү жөнүндө милдеттер  тапшырылды.
    Майлуу-Суу шаардык Жаштар Кеңешинин катчы шайланып, иш планын долбоору талкууланып, бекитилди.
Ар бир катышуучуга өздөрүнүн баштапкы  профсоюздук   уюмдарында кандай жакшы иш-чаралар, семинарлар, конкурстар жана башка маалыматтар болуп жаткан болсо, электрондук почта менен жеткирүү жөнүндө айтылды.
    Ошону менен бирге жаш мугалимдерге методикалык жардам катары мектептер арасында семинарларды уюштуруу,  ачык сабактарды өткөрүп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, билим сапатын көтөрүүгө  жетишүүнү  камсыздоо зарылдыгы белгиленди.

                                Материалды  даярдаган: Майлуу-Суу  Жаштар Кеңешинин 

                                  төрайымы- Абдуллаева Мэримгул  Жолдошбаевна