Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаштар-биздин келечегибиз.

Аксы районундагы Т.Уметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде жаш кадрларга колдоо, методикалык жардам көрсөтүү жаштар кеӊешинин алдынкы иш максаты катары эсептелинип, көп иштер жүргүзүлүп келет. Төмөндө көп жылдык эмгек стажы бар мугалим Наркулова Бариса тарбиялык иштер боюнча жаны ишке кирген мугалимдер менен  өз тажрыйбасын бөлүшүп жатат. Бул чакан уюшулган семинарда ал тарбиялык журналдардын толтурулушу, ата энелер менен иштөө, иш кагаздарынын жазылышы жөнүндө өз ойлорун бөлүшүп, методикалык жардам көрсөтүп, жаштарды түйшүктүү мугалимдик кесипте талыкпай иштөөсүнө көмөк бермекчи.