Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жашоонун сергек мүнөзү” спартакиадасы жыйынтыкталды

Президент С.Жапаровдун «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын негизинде, билим берүү системасына жогорку деңгээлде окуу процессин жүргүзүүгө жөндөмдүү, таланттуу педагогикалык кызматкерлерди, адистерди тартуу,  дене тарбия жана спорт каражаттары аркылуу өсүп келе жаткан муундун жарандык жана патриоттук тарбиясын жогорулатуу максатында Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин арасында “Жашоонун сергек мүнөзү” аталышындагы спартакиадасы 2023–жылдын февраль айында старт алган.

Спартакиада волейбол, стол тенниси жана тогуз коргоол оюндары камтылып, I тур мектептерде, II тур регионалдык зоналарда өттү. Регионалдык зоналарда өткөн оюндарга жалпы 325 кызматкер катышып, жыйынтыктоочу турга 4 регионалдык зонадан 49 оюнчу катышышты.

Спорттук мелдештин финалдык туру А.Токоев атындагы мектепте уюштурулуп, мектеп администрациясы кесиптик бирлик комитети менен спатакиаданын катышуучуларын жылуу маанайда тосуп алды жана бардык шарттарды камсыздашты.

Жыйынтыгында оюндун волейбол түрү боюнча I орунга “Биримдик” командасы, II орунга “Суяб” командасы ал эми III орунга “Ата Журт “ командасы ээ болду.

Стол тенниси боюнча С.Ибраимов, И.Укуев атындагы орто мектептери жана Кошой, Искра айылындагы орто мектептери жакшы көрсөткүчтөргө жетишти.

Ал эми тогуз коргоол оюну боюнча С.Ибраимов, А.Керимбаев, Ж.Саадаев атындагы  орто мектептеринин катышуучулары жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Спартакиада Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан каржыланып, Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Б.Алмакунов жана Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Наматов жеңүүчүлөргө Ардак  грамота жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырышты.

Аталган спартакиаданын жүрүшүндө билим берүү системасына жөндөмдүү, таланттуу педагогикалык жана илимий кызматкерлерди, адистерди тартуу, дене тарбия жана спорт каражаттары аркылуу өсүп келе жаткан муундун жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатуу иши дагы бир жолу ырасталды десек болот.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Чүй райондук комитетинин төрагасы С.Наматов