Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жашоонун сергек мүнөзү-2023” спартакиадасы

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин арасында “Жашоонун сергек мүнөзү-2023”  аталышындагы спартакиадасы жүрүш алды. Аталган спартакиадага волейбол, теннис, тогуз коргоол оюндары боюнча өтөт.

Билим берүү кызматкерлеринин арасында райондук «Жашоонун сергек мүнөзү-2023» спорттук  спартакиадасынын жобосуна ылайык, 1-тур мектеп ичинде, 2-тур регионалдык, ал эми 3-тур райондук болуп саналат. 1-тур боюнча сынак мектептер ичинде 1-мартка чейин өткөрүлдү. Учурда 20-мартка чейин регионалдык туру болуп жатат. Жободо белгиленгендей, 4 регионалдык мектептерде спорттук сынактар жүрүүдө. Ал эми регионалдык сынактар бүткөндөн кийин, 24-мартта райондук масштабда уюштурулуп жыйынтыгы чыгарылат.

 

 Малыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Чүй райондук комитетинин төрагасы С.Наматов