Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш жетекчилер үчүн “Балдардын коопсуздугун камсыздайлы!” темасында тегерек стол өткөрүлдү.

      Ноокен районунда 2016-жылдын 21-январь күнү  Кочкор-Ата  шаарындагы                 №14 Губкин  атындагы орто  мектебинин   чогулуштар залында жаш жетекчилер үчүн “Балдардын  коопсуздугун  камсыздайлы!”  темасында  тегерек стол  өткөрүлүп, райондук  ички иштер бөлүмүнүн жаштар жана  өспүрүмдөр менен иштоо  инспекциясынын башчысы, милициянын  подполковниги А. Т. Нышанбаев, райондук жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы К.Төрөканов, билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы К.К. Нышанов, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси К.Н. Садиров,  билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин укук жана эмгеrти коргоо боюнча тескөөчүсү А.Айдаров, 9 мектептин  директору, 5 бакчанын директору,4 окуу бөлүмүнүн башчысы, 11  уюштуруучу, 9 соцпедагог, 18 профсоюздук уюмдун төрагалары ,бардыгы 62 жаш жетекчилер  катышты.                                                                                                                                                

         Тегерек столду   билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы                  К.К. Нышанов ачып, балдардын коопсуздугун камсыздоонун иш чараларын  биргелешип  аткарууну  уюштуруу, жаш жетекчилерге усулдук көмөк көрсөтүү, материалдарды жалпылап, усулдук китепче даярдап  таратуу тегерек столдун негизги максаты экендигин белгиледи.

Тегерек столдун журушундө төмөндөгүлөр маалыматтар, билдирүүлөр менен чыгып сүйлөштү.

          “Балдардын  коопсуздугун камсыздоонун  мыйзамдык  негиздери” темасында билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү А.Айдаров слайддар менен маалымат берди.

         “Мектептерде, бакчаларда балдардын коопсуздугун камсыздоодогу директорлордун милдетери” темасында №7 Төрөгелдиев атындагы орто мектебинин директору Д.Карагулова, №2 “Ак-Куу” бакчасынын директору Г.Расуловалар слайддар менен билдирүүлөр берип, суроолорго жооптор беришти. “Коопсуз мектеп” темасында №13 Рахманжан атындагы орто  мектебинин директору  Ж. Каримкулова аталган доолбор менен иштеп, мектептин  имаратын  жана окуучуларды өзгөчө кырдалдар учурунда коопсуздук  чараларын  ишке  ашырууну долбоор  тарабынан  даярдалган “Коопсуз  мектеп” мултфильми корсотуу  менен, сдайддар  аркылуу маалымат берди.

      “Профсоюз  уюмдарынын  балдардын  коопсуздугун  камсыздоодогу негизги иштери ” темасында №8 Орозматов атындагы орто мектебинин профкому  З.Маматова, №16 Турусбеков атындагы орто  мектебинин профкому Н.Тагаева, №1”Ак-Кайың” бакчасынын профкому А.Айдакеева, №3”Мээрим”  бакчасынын профкому Н.Момуналиевалар слайд менен  маалыматтар беришти. Материалдар иш тажрыйбадан болгондуктан суроо жооптор менен коштолду.

        “Окуу-тарбия иштерин уюштуруудагы коопсуздук чаралары” темасында №6 “Арал”  орто  мектебинин окуу бөлүмунүн башчысы Ч.Курбанбаева слайддар аркылуу маалыматтар берди. “Класстан жана мектептен  тышкаркы тарбыялык иштерде коопсуздук чаралары” темасында №15 Семетей атындагы орто мектебинин уюштуруучусу С.Кадыркулова слайддар менен билдируу жасады.”Социалдык жактан өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыздоо  чаралары” темасында №26 Т.Анаркулов атындагы орто мектебинин соцпедагогу  А. Анашев слайддар жардамыда маалымат берди.

       Билим берүү  тармагы менен ички иштер кызматкелеринин биргелешкен иш аракеттери жөнүндө “Балдардын коопсуздугун   камсыздоодо  кылмыштуулуктун алдын алуу чараларын ишке ашыруудагы милдеттер”  темасында   райондук  ички иштер бөлүмүнүн жаштар жана  өспүрүмдөр менен иштоо  инспекциясынын башчысы, милициянын  подполковниги А. Т. Нышанбаев  суйлоп, конкретуу биргелешип аткарылып жаткан иштер тууралу жана келечектеги милдеттер боюнча кеңри маалыматтарды берди. Катышуучулардын суроолоруна факттар менен жоопторду  берди.

            “Балдардын  жол  коопсуздугун  камсыздо чаралары”  жөнүндө райондук жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы К.Төрөканов маалыматтар берип, биргелешипип иштоо боюнча  сунуштарын  билдирди. Катышуучулардын суроолоруна жооп берип, сунуштарды бирге  ишке  ашырууга чакырды.

            Райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси К.Н.Садиров суйлоп, балдардын коопсуздугун  камсыздоо боюнча биргелешкен иш  аракеттер келечекте улантылып, тегерек столдун материалдарын ишке ашыруу козомолго алынарын белгиледи.

Катышуучулардын сунуштары, ой-пикирлери угулду. Жаш жетекчилерден суйлоп, тема боюнча  толук материалдарга ээ  болгодугун, ишке ашыруу милдеттери тургандыгын белгилешип,уюштуруучуларга  ыраазычылктарын билдиришти

        Тегерек столду   билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы                  К.К. Нышанов жыйынтыктап, катышучуларга, уюштуруучуларга жана социалдык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, материалдарды жыйынтыктап усулдук китепче катарында берилерин билдирди.

Материалды даярдаган: Билим, илим профсоюзунун райондук комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү -А.Айдаров.