Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаш мугалимдер” жана “Энелер мектеби” өз жемишин берүүдө

   Лейлек районунун Кара Булак орто мектебинде “Жаш мугалимдер” мектебинин кезектеги семинары Г. Мадаминов тарабынан жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.
20 жылдык педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшкөн Гапыр агай мугалимдер жамаатына дем-күч берип жаны бийиктиктерди багындырууга шыктантты. “Устатык өнөрү” китебиндеги педагогикалык эксперименттин методдору жана ийгиликтери тууралуу кызыктуу семинар өтүп гана тим болбостон ошол эле күнү окуучулардын ата-энелери менен “Тарбия баалуулугу”, “Энелер мектеби” тууралуу да түшүндүрмөлөр берип кетти.
    Жолугушууга келген ар бир катышуучунун көздөрүндөгү кызыгуу жана узаткан суроолорунан коомубуз канчалык жакшы кепке, туура багытка суусап турганы сезилип турду.
Ата-эне, окуучу, мугалим бир багытты көздөй иш алып барганда көптөгөн ийгиликтер жаратат экендигин №3-гимназияда жүргүзүлгөн ЗБМИС-эксперимент далилдеп келүүдө.