Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдер кесиптик майрамда

     Баткен районунда жаш мугалимдерди мугалимдик кесипти аркалоосун куттуктоого  арналган салтанат 9 айыл өкмөтүндө билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кошо өткөрүлдү. Эмгек ардагерлери  жаш мугалимдерди агартуу майданындагы алгачкы кадамдары, алгачкы кесиптик майрамдары менен куттукташып, келечектерине ийгилик каалашты. 

Жаш мугалимдерге раймамадминистрациянын, РПКнын акчалай сыйлыктары, РКП тарабынан жасалган  усулдук китептер жана окуу куралдары салынган портфелдер тапшырылды.

Жаш мугалимдерди райаким К.Салихов, райБББ башчысы А.Зайитов, РПК торагасы  Т.Жумаев баш болгон райакимчиликтин, райБББнын, РПКнын айыл өкмөттөрүндөгү жыйындарга катышкан  жооптуу кызматкерлери куттукташты.

 

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси